Өзбекстан Ооганстанга 100 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

10-октябрда Өзбекстан жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстанга дээрлик 100 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Транспорт министрлиги кабарлады.

Жүктүн ичинде тамак-аш азыктары: ун, буудай, май, макарон, эт азыктары, күрүч, кант бар. Чатырлар жана жууркан-төшөктөр, ошондой эле биринчи жардам көрсөтүү каражаттары да алынган.

Ооганстандын транспорт жана жарандык авиация министринин орун басары Абдул Саттар Гурволдун айтымында, өкмөттүк комиссия жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштерин алып барууда.

Биринчи кезекте оорулууларга жана үйү кыйрагандарга жардам көрсөтүлөт. Бүгүнкү күнгө чейин Ооганстанга Бириккен Араб Эмираттарынан гуманитардык жардам келип түшкөн, Түркиядан да жардам келери күтүлүүдө.

7-октябрда Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болгон. Зилзала 2445 адамдын өмүрүн алганын «Талибан» өкмөтү түзгөн табигый кырсыктарды башкаруу бөлүмү билдирген. Дагы эки миңден ашуун адам жаракат алган.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты