Өзбекстан Чехиядан трамвай сатып алууну пландоодо

  • 1 год мурун

Чехиянын премьер-министри Петр Фиала баштаган өкмөттүк делегация Азия өлкөлөрүнө болгон турне алкагында Өзбекстанга барды.

Чехиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, делегациянын курамында 30дан ашык таасирдүү чех ишкерлери бар.

Фиала 25-апрелде Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана премьер-министри Абдулла Арипов менен жолукту.

Фиала Өзбекстанга келген Чехиянын экинчи премьер-министри болуп калды. Буга чейин 1999-жылы Милош Земан Ташкентке келип кеткен.

Мурдараак чех басылмалары Ташкенттеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Өзбекстандын темир жол жана коомдук транспорту үчүн Чехиянын поезддери менен трамвайларын экспорттоо боюнча келишимдерге кол коюларын кабарлашкан.

2016-жылы Ташкентте трамвай линиялары жоюлгандан кийин шаардагы Vario LF үлгүсүндөгү заманбап чех трамвайлары Самаркандга жөнөтүлгөн.

Өзбекстан 2009-жылы Чехиядан ар бири 1 миллион долларга бааланган 20 трамвай сатып алган.

Маалыматтарга караганда, Ташкент жергиликтүү климатка кыйла туура келген жаңы чех трамвайларын сатып алууну пландап жатат. Мындан тышкары Чехиянын адистери Ташкентте жаңы трамвай линияларын төшөөгө катышары кабарланууда.

Чехия бийлиги 2001-жылы Прагада кармалган өзбек оппозициясынын лидери Мухаммад Салихти Ташкенте экстрадициялоодон баш тарткандан кийин эки өлкөнүн ортосундагы мамиле бир аз солгундаган. Бул окуядан кийин Өзбекстан чех трамвайларын сатып алуу боюнча жалпы баасы 50 миллион долларды түзгөн келишимден баш тарткан.

Өзбекстанда чех премьер-министринин Филиппин, Индонезия, Сингапур, Вьетнам жана Казакстанды камтыган Азия турнеси аяктайт.

Мунун алдында Петр Фиала бул өлкөлөргө жасай турган сапарынын максаттарынын бири – соода базарларындагы Кытайдын үстөмдүгүнө каршы баланс түзүү экенин билдирген.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты