Өзбекстан 200 миң сумдук банкнотаны жүгүртүүгө киргизет

  • 2 года мурун

Өзбекстандын Борбордук банкы 15-июлдан тарта 200 миң сумдук жаңы банкнотту жүгүртүүгө киргизүү чечимин кабыл алды.

Маалыматка караганда, банкноттун тематикасы «Улуу Жибек жолуна» жана Фергана өрөөнүнүн байыркы тарыхына арналган.

Банкноттун оң тарабында «Улуу Жибек жолунун» символу эсептелген төөнүн сөлөкөтүн элестеткен эн белги жана «200000» деген жазуу болот. Негизги бетинин сол тарабына Фергана облусунун Кокон шаарындагы «Кудаярхан ордосу» деп аталган архитектуралык эстелик тартылган.

2021-жылы декабрда Өзбекстанда 50 миң жана 100 миң сум номиналындагы жаңы банкноттор жүгүртүүгө киргизилген. Алар Сурхандарыя менен Хорезмге арналган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты