Өзбек консулдугу Түркиядагы өзбекстандык кыз-келиндерди официант болуп иштебөөгө чакырды

  • 8 месяцев мурун

Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу Түркияда жүргөн өзбекстандык кыз-келиндерге кайрылып, аларды түнкү кафелерде официант болуп иштебөөгө чакырды.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө социалдык түйүндөрдө мекендештерге ири суммада акча сунуштап, Стамбул, Анаталья, Измир жана Бодрум сыяктуу шаарларга «консоматрис» (ресторан, бар жана башка коомдук тамактануу жайларда кардарларды тейлөө) ишине чакырган билдирүүлөр тарап жатканы белгиленген. Маалыматка караганда, мындай учурларда түнкү клубдун кызматкерлери суусундуктар менен тамак-ашты кымбатыраак сатууга жардам берүү үчүн жаш кыздарды жалдашат.

«Урматтуу эже-карындаштар! Баарыңыздарга эле белгилүү болгондой, «консоматрис» кесиби биздин салт-санаабызга, улуттук баалуулуктарыбызга жана динибизге туура келбейт. Түркияда жабырланучу же күнөөлүү болуп калбаш үчүн бул өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоого жана сиздердин өмүрүңөр менен ден соолугуңарга коркунуч алып келиши мүмкүн болгон жерлерден алыс болууга чакырабыз» деп жазылган дипломатиялык өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.

Анда ошондой эле мындай ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдар Түркиядан депортацияланышы мүмкүн экени да белгиленген.

Qalampir.uz басылмасы Өзбекстандын Стамбулдагы Башкы консулдугуна шилтеме кылып кабарлаганына караганда, учурда Түркияда 300 миңден ашык өзбекстандык мигрант бар.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты