Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына карата кароо-сынак өтөт. Байге фонду — 1 млн сом  

  • 2 года мурун

Төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата ырчы, дастанчы жана акындар арасында кароо сынак жарыяланат.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кароо-сынак 15-16 октябрь күндөрү Замирбек Үсөнбаевдин автордук же иштеп чыккан жана ошондой эле, анын репертуарындагы чыгармаларды аткаруучулар арасында өтөт.

Сынакка салттуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда жогорку деңгээлде ырдай алган бардык өнөрпоздор жана маданий- музыкалык окуу жайлардын студенттери катыша алышат. Катышуучулардын жашы чектелбейт.

Сынак Замирбек Үсөнбаевдин аткаруусунда кездешкен же автордук ар кайсы жанрдагы (обондуу ырлар, көлөмдүү ашыктык жана арман ырлар, терме, санат, жоктоолор, залкарлардын айтыштары, эскерүүлөр, дастандар кайрылуу ж.б.) чыгармаларын аткаруучулар арасында өтөт.

Кайсы чыгармалар:

1.Олжобай менен Кишимжан

2.Кожожаш

3.Гөзал кыз

4.Кызыл туу кыргыз кыздары

5.Жыргалын кулкун эл менен

6.Акбаары

7.Кырк серке жайлоосундагы айтыш

8.Чонду акын”Кези кези келгенде”

9.Эненин арманы 6 уулунан айрылганы

10.Комузчуларга

11.Көк сулуу

12.Алымкулдун 1-жолугушуусу Токтогулга

13.Алымкул менен Сулаймандын айтышы

14.Кош Алымкул” Ысмайыл

15.Каражаак Калмырзанын Шабданга ырдаганы

16. Осмонкул менен Калыктын учурашканы

17. Өзүң бил

18. Кыргыз көчү

19. Карылык

20. Саякбайга арноо

21. Бууракандын белиндеги айтыш

22. Нан жөнүндө терме?

23. Токтогул менен Эшманбеттин айтышы (күрөш тууралу)

24. Арноо

25.Ашык элем

26.Жениш үнү

27. Кечирип кой

Байланыш номурлар:

+996 702007384

+996 703700797

Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты