Өз жанын кыйгысы келген окуучуну куткаруучулар аман алып калышты
- 3 года мурун
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында 17 жаштагы мектеп окуучусу жогорку чыңалуудагы электр мамычасынан боюн таштаганга аракет жасап жаткандыгы тууралуу маалымат саат 17:18 ӨКМге түшкөн.
Куткаруучулар жогорку чыңалуудагы мамыга чыгып алган бала менен 30 мүнөт сүйлөшүп, аны жанын кыюу оюнан кайттырган.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү