“Кут билим” жеке мектебинде окуучу сабалган. Министрлик териштирүү жүрүп жатканын билдирди
- 1 месяц мурун
Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган окуучунун сабалышы боюнча жооп берди.
-Аталган окуя 29-майда Жети-Өгүз районундагы жекке менчик “Кут билим” окуя-тарбия комплексинде болгон. Учурда бул факты боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан териштирүү иштери жүрүүдү. Ошондой эле окуучулардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан улам директор кызматынан бошотулуп, жаңы директор иш алып барууда”.-деп айтылат маалыматта.
Социалдык тармактарда окуучуну дагы бир окуучу сабап жаткан видео тарады.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




