Өзүн-өзү депортациялоо программасы. АКШдан өзү чыгып кеткен мыйзамсыз мигранттарга акча төлөп беришет
- 1 год мурун
АКШнын ички коопсуздук министрлиги мыйзамсыз жүргөн мигранттар үчүн “өзүн-өзү” депортациялоо программасын иштеп чыкты. Ал программага ылайык, АКШда мыйзамсыз жүргөндөр өздөрү чыгып кетүү ниетин билдирсе, аларга акча каражатын төлөп беришет.
“Эгер сиздер бул жакта легалсыз жүрсөңүздөр, өзүн-өзү депортациялоо бул эң жакшы, коопсуз, экономикалык жактан да жеңил жол, камалып да калбайсыздар” деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Ички коопсуздук министрлиги өздөрү өлкөдөн чыгып кеткен мигранттарга 1000 доллар стипендия төлөп беришет. Акчаны алар өз өлкөсүнө баргандан кийин алышат жана келечекте АКШга барууга мүмкүнчүлүгү болот. Ал эми мындай жол менен АКШ мыйзамсыз жүргөн мигранттарды өлкөдөн чыгарууга кеткен каражатты да үнөмдөмөкчү. Азыр мыйзамсыз жүргөн бир мигрантты кармоо, камоо жана өлкөдөн чыгаруу бир кишиге 17121 доллар турат. Ошону менен легалсыз мигранттарга кетчү чыгым 70 %га кыскармак.
Мыйзамсыз миграция менен күрөшүү президент Дональд Трамптын шайлоого чейинки убадаларынын бири болуп саналат. The Washington Post басылмасынын маалымат боюнча АКШ жыл аягына чейин бир миллионго жакын мигрантты чыгарууну көздөөдө.
2025-жылдын 1-майында Нью-Йорк–Ташкент–Бишкек багыты боюнча уюштурулган чартердик каттам аркылуу Кыргыз Республикасынын 20 жараны Кыргызстанга депортация болуп, кайтып келишти.
АКШ тараптын маалыматына ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн жарандар Американын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу атайын мекемелерде кармалып турушкан. Бардык иммиграциялык жол-жоболор, анын ичинде соттук териштирүүлөр аяктагандан кийин, алар өлкөдөн депортацияланууга тийиш болгон чет элдик жарандардын тизмесине киргизилген.
Сүрөт: Интернет булактарынан




