Өзүн УКМК кызматкери катары көрсөтүп, кылмыш ишин токтотуу үчүн ири суммадагы акча алууга шектелген жаран кармалды  

30-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан өзүн УКМК кызматкери жана төрагасынын жардамчысы катары тааныштырып, элдин ишенимине кирип алып мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген, Осмонали Эрматов Абдулхашимович аттуу жаран кармалды.

2022-жылдын январь айында аталган адам Суранов Равшан аттуу Тажикистан жараны аркылуу Жангазы Сарыбаевдин ишенимине кирип, прокуратура органдары тарабынан жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө маселени чечүү үчүн 7500 АКШ доллар акча каражатын алган.

Бул факты боюнча Эрматовго 30-мартта УКМКнын тергөө башкармалыгы алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Башкы сүрөт: Иллюстрациялык. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты