Өзүнө от койгон жарандын абалы оор экени айтылды
- 1 год мурун
Бишкекте 16-апрелде өзүнө бензин чачып, от койгон жарандын абалы оор болуп жатканын «Тез жардам» ооруканасынан билдиришкенин 24kg агенттиги жазды.
Дарыгерлердин айтуусу боюнча, 30 жаштагы жаранга тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Бирок анын денесинин 90 пайызы күйүп, абалы оор болууда. Дарыгерлердин консилиуму чакырылып, анан аркы дарылоо чаралаары белгиленери да кошумчаланды.
Буга чейин социалдык тармактарда бир жаран өзүнө бензин чачып, от койгону түз эфирде көрсөтүлгөн.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы ал кокуя 16-апрелде, саат 17:25 терде болгонун, 1996-жылы туулган жаран, мас абалында үй-бүлөлүк чырдан улам өз жанын кыюуга аракет кылганын билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




