Өз өлкөсүндө кыздарды сойкулукка мажбурлаган Түркиянын жараны кармалды

  • 2 года мурун

10-сентябрда түнкү саат 23:10 чамасында «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүгө аракет кылган учурда  ИИМдин “Интерпол” улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери менен УКМКнын чек ара кызматкерлери тарабынан  Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Түркиянын жараны Б.Э. кармалган.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Издөөнүн демилгечиси Түркиянын укук коргоо органдары болуп саналат.
Түрк тараптын айтымында, кармалган жаран өз үйүндө интимдик кызмат көрсөтүү үчүн бой жете элек 6 кызды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган жана интимдик кызмат көрсөткөндүгү үчүн берилген акчаларын алып жүргөн.ө


Ал эми аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган учурда жаран Б.Э. изин жашыруу максатында Түркия мамлекетинин аймагынан качып кеткен.
Шектүү жаран Б.Э. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечим кабыл алуу максатында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары Интерполдун Улуттук борбордук бюросу (УББ) менен Казакстандын  Улуттук борбордук бюросу менен бирге Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасаган алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн 1974-жылы туулган А.Ж. кармалган.
Шектүү жаран Кыргыз Республикасына экстрадицияланып, ЖАМК-1 тергөө абагында камакта.

Өз өлкөсүндө кыздарды сойкулукка мажбурлаган Түркиянын жараны кармалды
Иллюстрациялык башкы сүрөт: Интернет булактарынан. Шектүүнүн сүрөтү: ИИМ басма сөз кызматы


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты