Ысык-Көлгө чөгүп кеткен наристени издеп жатышат

  • 2 года мурун

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды бүгүн таңкы саат 6дан тартып издөө улантылууда.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.    

Ысык-Көл районунун Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда 18-июль күнү саат 15:00 чамасында 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кичине кыз көлгө чөгүп кеткен.

Издөөнү улантууга өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Балыкчы шаардык ӨК бөлүмүнүн башчысы, Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы бөлүктөн 6 куткаруучу, Каракол шаардык №15 ӨКБдан 6 куткаруучу, кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 4, пресс борбордун башчысы, жергиликтүү тургундардан 10 адам, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 20 куткаруучу, кошумча суучулдар кызматынан 5 суучул, жалпы 41 куткаруучу тартылган.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты