Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кыз изделүүдө
- 2 года мурун
17-июль күнү Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда саат 15:00 чамасында 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз чөгүп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тарабынан ошол эле күнү башталган издөө иши бүгүн улантылып, жерине Ысык-Көл райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 20, Балыкчы шаардык ӨКБдан 5 жалпы 25 куткаруучу тартылды. Ошондой эле райондук ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 5 киши издөө ишин жүргүзүүдө.
![Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кыз изделүүдө](https://pk.kg/wp-content/uploads/2022/07/ch-kth.jpg)
Муну бөлүшүү