Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки киши жабыркады

  • 2 года мурун

Бишкек-Балыкчы-Каракол унаа жолунун 156-чакырымында жол кырсыгы катталды.

Маалымат боюнча, “Хонда аккорд” үлгүсүндөгү автоунанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып кеткен.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрилигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Кырсыктын кесепетинен 25 жаштагы эки жаран жаракат алган.

Балыкчы шаарынан 3 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришти.

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки киши жабыркады
Сүрөттөр: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты