Ысык-Көлдө жер тилкесине байланышкан алдамчылык фактысы аныкталды
- 1 неделя мурун
2025-жылдын 21-майында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына 1982-жылы туулган жаран М.М. арыз менен кайрылып, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан болжолдуу наркы 80 миң АКШ долларын түзгөн 5 гектар жер тилкесин алдамчылык жолу менен ээлеп алышкан эки жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Арыздын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери башталды.
ИИМ бул иш боюнча мыйзам чегинде чара көрүлөрүн жана тергөө көзөмөл алдында улантыларын маалымдады.
Муну бөлүшүү