Ысык-Көлдүн жээгине уруксатсыз тургузулган тосмо буздурулат
- 4 недели мурун
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан Ысык-Көлдүн жээгинде уруксатсыз курулган тосмо боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.
Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Тамчы айылында жайгашкан “American School” балдар лагеринде көл жээгиндеги курулуш боюнча комиссиялык кароо жүргүзүлгөндө У. Э.Д. тарабынан жээкти эрозиядан сактоо максатында көл боюна чыгып калган таштардан цементтик эритме менен тосмо курулгандыгы аныкталгандыгы айтылат.
Маалым болгондой, жаран тосмону эч кандай долбоору жана курулушка уруксат кагаздары жок куруп жаткандыгы аныкталды. Бул өз кезегинде “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузуу болуп эсептелет.
Бул боюнча акт түзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча эскертүү берилди. Мындан тышкары жаран салынган тосмону өз ыктыяры менен бузуп берерин убадалады.
Сүрөт: Курулуш жана архитектура министрлиги




