Ысык-Көлдө катуу шамалдан 178 үй жабыркаганы айтылды
- 3 недели мурун
Бүгүн, 22-майда, Ысык-Көл облусунун жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп, жалпы облус боюнча 178 турак үй, анын 9у көп кабаттуу, 27 социалдык объект жабыркаганы аныкталды.
194 чарба курулуш 5 унаа, трансформатор, 37 электр мамы, 370 метр электр чубалгылары жабыркаган жана 210 бак кулаган.
Мындан тышкары 7 боз үй, чатыр, кафе, 3 эс алуу жайы, 3 гектар кулпунай айдалган жер, 6 000 метр интернет чубалгысы жабыркаган.
Эртең, 23-майда, Ак-Суу районунда кошумча тактоо иштери улантылат.
18-майда катуу шамалдын кесепетинен жабыркаган аймактарда райондук жана шаардык жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү