ӨКМ катуу шамалдан жабыркаган объекттер боюнча маалымат берди
- 1 месяц мурун
- Баяндар
Кечээ, 18-майда, катуу шамалдын кесепетинен жабыркаган аймактарда райондук жана шаардык жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) шамалда жабыркаган объекттер боюнча маалымат берди.
Ысык-Көл облусунда:
— Каракол шаары боюнча көп кабаттуу 5 үйдүн, турак үйдүн, медициналык окуу жайынын, чарба курулуштун чатырларын учуруп, унаа жабыркаган жана 3 бак кулаган;
— Ак-Суу району: 84 турак үйдүн, 3 мектептин, 3 бала бакчанын, 3 бейтапкананын, машыгуу залынын, 56 чарба курулуштун чатырларын учуруп, 18 трансформатор жабыркаган жана 113 бак кулаган;
— Жети-Өгүз району: 23 турак үйдүн, кафенин, 4 мектептин, бала бакчанын, салык кызматынын имаратынын, 65 чарба курулуштун чатырларын учуруп, унаа жана 6 трансформатор жабыркаган, 14 бак кулаган;
— Түп району: 2 турак үйдүн, 3 чарба курулуштун чатырларын учуруп, 300 метр электр чубалгылары жабыркаган. унаа жана 6 трансформатор жабыркаган, 14 бак кулаган;
— Тоң району: 5 турак үйдүн, конок үйдүн, 3 чарба курулуштун чатырларын учуруп, 2 бак кулаган;
— Ысык-Көл району: унаа жабыркаган жана 14 бак кулаган;
Жалпы облус боюнча көп кабаттуу 5 үй, 217 турак үй, 17 социалдык объект, 127 чарба курулуш, 3 унаа, 26 трансформатор жабыркаган жана 139 бак кулаган.
Ал эми Нарын облусу боюнча:
Нарын райондук Жарандык коргонуу комиссиялары кечээ, 19-майга карата жүргүзгөн тактоо иштеринин натыйжасында төмөндөгү кырдаал түзүлгөн:
— Дайракунов айыл аймагындагы Жерге-Тал айылында турак үйдүн чатырын учуруп кеткен;
— Дөбөлү айыл аймагынын Кайынды айылында турак үйдүн, Таш-Башат айылында турак үйдүн жана Дөбөлү айылынын сарайдын чатырланын учуруп кеткен;
— Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылында турак үйдүн жана маданият үйүнүн чатырларын учуруп кеткен.
— Мин-Булак айыл аймагына караштуу Өрнөк айылында турак үйдүн жана сарайдын, Куйбышев айылында турак үйдүн, цехтин, Миң-Булакта 2 турак үйдүн жана сарайдын, Жер-Көчкү айылында 8 турак үйдүн, 8 сарайынын, 5 кампанын, бастырманын чатырларын учуруп кеткен жана турак үйдүн сырткы жасалгасы жабыркаган. Оттук айылында сарайдын, Эмгекчил айылында сарайдын, Лахол айылында 12 турак үйдүн, 2 времянканын, бастырманын, дүкөндүн, гараждын, 11 мал кароосунун, 6 кампанын чатырын учуруп кеткен жана сырткы короодогу дубалын, тосмосун кулаткан.
— Учкун айыл аймагынын Куланак айылында орто мектептин чатырын учуруп кеткен.
— Жан-Булак айыл аймагынын Жан-Булак айылында времянканын, 5 мал короонун, тегирмендин чатырларын учурган.
Жалпы район боюнча 30 турак үй, 43 сарай, маданият үй, дүкөн, мектеп, 5 короо (навес), 7 дубал, цех жабыркаган.
Бүгүн, 19-майда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу, Тоң райондорунун жана Каракол шаарынын, ошондой эле Нарын, Ат-Башы, Кочкор райондук Жарандык коргонуу комиссиялары тартылып, тактоо иштерин улантып жатат.
Сүрөт: ӨКМ