Ысык-Көлдө изделип жаткан үч бала табылды
- 2 года мурун
Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын дайынсыз болуп жаткан кичинекей үч бала табылды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык,балдар жогоруда аталган айылдын Ишеналы көчөсүндөгү үйлөрдүн короосунан аман-эсен табылган.
Белгилей кетсек, алар үйдөн ойноп чыгып кеткен боюнча кечээтен, 26-августтан бери дайынсыз болуп жаткан.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү