Кичинекей үчөө ойноп жүргөн боюнча дайынсыз болууда      

  • 2 года мурун

Ысык-Кол облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын 4, 5 жана 7 жаштардагы үч тургуну үйдөн ойноп чыгып кеткен боюнча 26-августтан бери дайынсыз болууда.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алар 4 жаштагы А.Б., 5 жаштагы Ш.А. жана 7 жаштагы Ш.А. аттуу жаш балдарды издөө издөө иштерине Каракол шаарынан 4 куткаруучу тартылган. Түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 27-августта,  издөө иштерине дагы төрт куткаруучу тартылганы маалымдалды.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты