Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан 6 киши жабыркады
- 2 года мурун
22-апрелде саат 14:15тер чамасында Ысык-Көл районунун Балыкчы-Каракол автоунаа жолунун болжол менен 115-чакырымында «Хонда Одисей» жана «Митсубиси» автоунааларынын кагылышуусу катталган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан 6 жаран майда жаракат алган.
![Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан 6 киши жабыркады](https://pk.kg/wp-content/uploads/2022/04/zhol-kyrsygy24.jpg)
Муну бөлүшүү