Бишкекте жаңы жылдык башкы балаты алынууда. Муз аянты февралдын ортосуна чейин иштейт
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 15-январда, Бишкектин Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын жана борбор калаада орнотулган бардык майрамдык жасалгаларды демонтаждоо иштери башталды.
Бул иштерди «Тазалык» жана «Бишкек жарык» муниципалдык ишканалары жүргүзүүдө.
Балатынын каркасы жана бутактары этияттык менен ажыратылып «Тазалык» муниципалдык ишканасына сакталат. Ал эми кооздоочу элементтер, жарык берүүчү жабдыктар жана декоративдик конструкциялар таңгакталып, «Бишкекжарык» ишканасынын кампасына жеткирилет.
Башкы жаңы жылдык балаты декабрь айында орнотулуп, жаңы жыл жана кышкы эс алуу күндөрү борбор калаанын негизги майрамдык символу болуп келген.
Демонтаждоо иштери бир нече күнгө созулат.
Ошол эле учурда, Ала-Тоо аянтында жайгашкан муз аянты 2026-жылдын февраль айынын ортосуна чейин иштеп, шаар тургундары жана коноктору үчүн ачык бойдон калат.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




