“Ала-Тоо” журналы кайрадан жанданды
- 3 недели мурун
“Ала-Тоо” журналы кайрадан жанданып, биринчи саны жарыкка чыкты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбук социалдык баракчасына жазды.
-Элибиздин нарк-насилин жайылтууда, улуттук жазма адабий тилин байытууда өзүнчө бир баа жеткис казынага айланган “Ала-Тоо” журналы кайрадан биринчи саны колума тийди,-деп жазды Жапаров.
-Биз өлкөбүздүн каржы жана экономика тармактарын эле алдыга жылдырбастан, маданиятка, анын ичинде адабиятка да көңүл бурууга аракеттенип жатабыз.
Көп жылдар бою токтоп турган адабий журнал өз ишин жандантып, окурман журтчулугун кубандырып турган кези. Кудай буюрса, элибиздин тарых-таржымалы, тили, улуттук өзгөчөлүгү, маданияты, салт-санаасы тууралуу кызыктуу макала-материалдарды жарыялоо менен мекендештерибиздин маданиятын, билимин, кругозорун арттырууда зор салым кошот деген үмүттөмүн,-деди президент.
Эми журнал адабияттын гана өнүгүшүнө салым кошпостон, агартуучулук жа милдетти аткарарын айта кетти:
-Ошону менен бирге, таланттуу жаштарыбыздын чыгармаларын ай сайын жарыялоо менен аларды коомчулукка кеңири таанытарына бекем ишенем.
Эми «Ала-Тоо» журналы кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө эле салымын кошпостон, агартуучулук багытта да чоң миссияны аркалап, руханий жардылыктан арылтып, жан дүйнөнү байытат, аң-сезимди тазартат.
Учурдан пайдаланып бул журналга жазылууга чакырып кетмекчимин.
Айына бир жолу чыгат.
“Кыргыз туусу” басма үйүнөн алсаңыздар болот.
“Ала-Тоо” адабий журналынын сапары байсалдуу болсун!




