Түп районунда пансионаттын ашканасы жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

  • 3 месяца мурун

Ысык-Көл айыл аймагында жайгашкан Түп мамлекеттик атайын чарбасына караштуу пансионаттын ашкана комплекси жана жер тилкеси жеке жактарга берилип кеткендиги белгилүү болду.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Түп мамлекеттик атайын чарбасына караштуу пансионаттын ашкана комплекси жана 3 га жер тилкеси 1998-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактарга берилип кеткендиги аныкталган.

Прокуратура жалпы баасы 70 млн 300 миң сомду түзгөн кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылды.

Социалдык багыттагы кыймылсыз мүлктөр менчиктештирүүгө жатпайт жана белгиленген максаттуу багыты боюнча пайдаланылышы зарыл.

Сүрөт: Башкы прокуратура

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты