«Ала-Тоо» аянтында балаты жарыгы жандырылды
- 4 недели мурун
- Видео
Бүгүн, 15-декабрда, Бишкек шаарында, “Ала-Тоо” аянтында балаты шамы жанды. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады.
Бишкек шаарынын мэриясы өнөктөштөрү менен бирге жаңы жылдык майрамды жасалгалады. Башкы аянтка бийиктиги 32 метр болгон жаңы жылдык балаты орнотулду. Борбор шаардын гербинин түсүнө шайкеш 7 миң көк жана күмүш түстөгү шар менен кооздолду.
Ачык асман алдында 1500 чарчы метрлик муз аянтчасы, фуд-корт, этно-зона, мастер-класстар, Сантанын үйү, кооз фотозоналар, балдар үчүн чоң оюн аянтчасы бар.
Өткөн жылы Жаңы жыл майрамына карата Ала-Тоо аянтын жасалгалоого ишкер шериктештер 28 млн сомго жакын каражат короткон. Быйылкы салым андан да көп.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




