Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан спортчу аман-эсен табылды  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 6-июлда, саат 13:00 чамасында Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына 15 спортчу сүзүп өтүүгө чыгышып, сүзүп бара жаткан учурда көлдүн ортосунда чоң толкун болуп, спортчулардын бири дайынсыз болгону кабарланган. Бүгүн саат 16:30 чамасында 1974-жылы туулган Е.И.В аттуу жаран Тору-Айгыр айылынан көлдүн жээгине аман-эсен өзү сүзүп чыккан.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты