Толкун учурунда сүзүп бара жаткан спортчу дайынсыз болууда   

  • 2 года мурун

Бүгүн, 6-августта, саат 13:00 чамасында Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылын карай 15 спортчу сүзүп өтүүгө чыгышкан. Сүзүп бара жаткан учурда көлдүн ортосунда чоң толкун болуп, спортчулардын бири дайынсыз болууда.

Бул тууралуу өзгөяө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык катталган көл ортосунда издөө иштерин жүргүзүүгө куткаруучулар тартылды.

Учурда чөккөн спортчунун аты-жөнү такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты