Ысык-Көлдө  баланы сүзүп кеткен суу скутеринин айдоочусу кармалды

  • 1 год мурун

2025-жылдын 14-июль күнү Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы эс алуу жайларынын биринин пляжында 7 жаштагы баланы суудагы скутер сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө (РИИБ) түшкөн.

“Аталган факты Ысык-Көл РИИБге катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында скутердин айдоочусу — 1978-жылы туулган, Булан-Сөгөттү айылынын тургуну Д.А. кармалып, Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнө жеткирилген.  Жабыркаган өспүрүм райондук ооруканага жеткирилип, дарыгерлер анын абалын туруктуу деп баалашты. Ошондой эле жабырлануучу өспүрүмгө соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Окуянын жыйынтыгы боюнча кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет” деп билдирди Ысык-Көо облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Ысык-Көлдөгү “Аврора плюс” эс алуу жайында суу скутери көлдүн жээгинен кичинекей баланы сүзүп кеткенин Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов Фейсбук баракчасында билдирген.

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Мыйзам 2025-жылдын 13-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда Ысык-Көл көлдүн аймагында экологиялык ченемдерди жана коопсуздук эрежелерин милдеттүү түрдө сактоо менен, Ысык-Көлдүн атайын бөлүнгөн туристтик зоналарында, адамдардын жана эс алуучулардын массалык топтолуусу жок жерлеринде төрт такттуу кыймылдаткычы жана электр кыймылдаткычы бар суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдаланууга уруксат берилери каралган.

Бул ченемди бузгандыгы үчүн жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүчтөн 150 эсептик көрсөткүчкө чейин, юридикалык жактарга – 100 эсептик көрсөткүчтөн 200 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салуу жоопкерчилиги каралган.

Ысык-Көлдө  баланы сүзүп кеткен суу скутеринин айдоочусу кармалды

Сүрөттөр: Ысык-Көл ОИИБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты