Ысык-Көлдө гидроцикл, скутерди адамдар чогулган жерде айдоого тыюу салынды
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзама кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 13-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоциклин (гидроциклди) пайдаланууга жарым-жартылай тыюу салуу, ошондой эле Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти киргизүү болуп саналат.
Мыйзамда Ысык-Көл көлдүн аймагында экологиялык ченемдерди жана коопсуздук эрежелерин милдеттүү түрдө сактоо менен, Ысык-Көлдүн атайын бөлүнгөн туристтик зоналарында, адамдардын жана эс алуучулардын массалык топтолуусу жок жерлеринде төрт такттуу кыймылдаткычы жана электр кыймылдаткычы бар суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдаланууга уруксат берилери каралган.
Бул ченемди бузгандыгы үчүн жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүчтөн 150 эсептик көрсөткүчкө чейин, юридикалык жактарга – 100 эсептик көрсөткүчтөн 200 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салуу түрүндө жоопкерчилик каралган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан