Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кубанычбек Кадыров талапкерликке арыз берди

  • 2 месяца мурун

№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерликке кѳрсѳтүү улантылып жатат.  22-майга карата  бардыгы болуп 11 талапкер арыз берди.  

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Буга чейин Мазымканов Атабек, МП «Иштерман», механик, . Момбеков Бактыбек, убактылуу иштебейт, Мукамбетов Жакшылык, “Климат КГ” ЖЧК башкы директору Иманалиев Данир, Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик райондук администрациясынын башчысы – акими болуп иштеген, Тентимишев Султан, Ысык-Көл районунун Өрүктү айыл аймагынын мурдагы айыл өкмөт башчысы, Турсунакунов Сулайман, “Орхус” борборунун менеджери, Тукунов Аманат , Балыкчы шаарынын мэринин орун басары тууралуу «ПолитКлиника» маалымат берген.   

22-майга карата дагы 4 талапкер шайлоого катышууга ниетин билдирип арыз жазды. Алар:

Тыналиев Айжигит, «Кыргызкөмүр» Мамлекеттик ишканасынын «Ысык-Көл кемечилиги» филиалынын эксплуатация кызматынын башчысы;

Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кубанычбек Кадыров талапкерликке арыз берди

Кадыров Кубанычбек, убактылуу иштебейт, ЖК экс-депутаты; (баш сүрөт)

Үсөнгазиев Темирболот, жеке ишкер;

Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кубанычбек Кадыров талапкерликке арыз берди

Асипов Сама, УТРК, тележурналист;

Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кубанычбек Кадыров талапкерликке арыз берди

2021-жылы Жогорку Кеңешке Ноокат округунан шайланган Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде, Ысык-Көлдөн шайланган Максатбек Сарбагышев 25-апрелде мандатын тапшырган.

№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 30-майында аяктайт.

Президенттин 2024-жылдын 30-апрелиндеги жарлыгына ылайык, Ноокат №5 жана Ысык-Кѳл №36 шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 30-июнуна дайындалды.

Сүрөттөр: БШК.

Башкы сүрөттө: Талапкер Кубанычбек Кадыров.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты