№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча ЖК депутатын шайлоого жети талапкер арыз берди  

  • 2 месяца мурун

№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерликке кѳрсѳтүү улантылып жатат.  16-майга карата  жети талапкер арыз берди.  

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Буга чейин «ПолитКлиника» төрт талапкер тууралуу тааныштырган.

  1. Мазымканов Атабек, МП «Иштерман», механик;

2. Момбеков Бактыбек, убактылуу иштебейт;

3. Мукамбетов Жакшылык, “Климат КГ” ЖЧК башкы директору;

4. Иманалиев Данир, Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик райондук администрациясынын башчысы – акими болуп иштеген.

Ал эми жаңы арыз берген талапкерлер булар:

Тентимишев Султан Таалайбекович, Ысык-Көл районунун Өрүктү айыл аймагынын мурдагы айыл өкмөт башчысы;

№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча ЖК депутатын шайлоого жети талапкер арыз берди  

Турсунакунов Сулайман Сагынбекович, “Орхус” борборунун менеджери;

№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча ЖК депутатын шайлоого жети талапкер арыз берди  

Тукунов Аманат Шакирбекович , Балыкчы шаарынын мэринин орун басары.   

№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча ЖК депутатын шайлоого жети талапкер арыз берди  

2021-жылы Жогорку Кеңешке Ноокат округунан шайланган Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде, Ысык-Көлдөн шайланган Максатбек Сарбагышев 25-апрелде мандатын тапшырган.

№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 30-майында аяктайт.

Президенттин 2024-жылдын 30-апрелиндеги жарлыгына ылайык, Ноокат №5 жана Ысык-Кѳл №36 шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 30-июнуна дайындалды.

Сүрөттөр: БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты