Ысык-Көл районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди
- 1 месяц мурун
18-августта Ысык-Көл районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Бул тууралуу чечимди селдин кесепеттерин жоюу максатынжа 18-августта райондун акими кабыл алды.
Селден улам Чолпон-Ата шаарында, Жети-Өгүз, Тоң райондорунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Бүгүн, 19-августта саат 11:30 га карата Ысык-Көл районуна сел кесепетерин жоюу иштерине ӨКМден жалпы 143 куткаруучу, 3 мотопомпа тартылды.
Суучулдар кызматынан 15 кызматкер жана ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 146 кызматкер, 2 ХОВО, экскаватор, 2 жүктөгүч тазалоо иштерине чыгышты.
Ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 30 кызматкер, “Чайна Роуд ” ишканасынан 39 кызматкер 39 техника жеринде иштеп жатат.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү