Жолдор жабылды. Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда өзгөчө кырдаал жарыяланды
- 1 месяц мурун
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл, Тоң райондорунда жамгыр катуу жаады. Автоунаалардын жолго жүрүү санын азайтуу зарылдыгынан, жергиликтүү бийлик менен биргеликте иш алып барылып, Жети-Өгүз, Тоң райондорунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Саат 21:30га карата төмөнкү унаа жолдор убактылуу жабылды:
Григорьевка-Көл-Кашка-Суу унаа жолунун 0-16 км суу каптап, каттам жабылды (Григорьевка капчыгайына баруучу жол).
Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дөң-Талаа унаа жолунун Көл-Төр-Коңур-Өлөң 42-43 км бөлүгү Тогуз-Булак айылына баруучу жол;
Ак-Сай-Көк-Сай унаа жолунда каттам жабык.
Ак-Терек-Дон-Талаа унаа жолунда каттам жабык.
Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 60-70 км аралыгы жабылды (Кескен-Бел бөлүгү) жана бул унаа жолдун 58 чакырымда Кызыл-Туу айылындагы көпүрө авариялык абалда. Каттам чектелген.
Азыркы учурда транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын жол эксплуатациялоо ишканалары тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду тазалоо иш-аракеттери жүрүүдө.
18-августта саат 19:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарындагы Тогуз-Булак сел өтүүчү каналы аркылуу топтолгон суу агып, каналдан ашып кетүү коркунучу жаралган.
Облус аймагындагы аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүү максатында райондук жана шаардык ӨКБнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өттү.
Иллюстрациялык сүрөт: Социалдык тармактан