Ысык-Көл районунда сел агымы убактылуу көлмө пайда кылган  

3-июлда Ысык-Көл районунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Чоң-Ак-Суу дарыясынын сол жээгиндеги Көл-Кашка жайлоосунда сел очогу күч алган. Натыйжада суу агымы селге айланып, капчыгайдын жээк бөлүгү жуулуп кеткен. Саз тилкесинде сел сулаарынан убактылуу көлмө пайда болгон.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Пайда болгон сел агымы Чоң-Ак-Суу дарыясынын Саз тилкесинде нугун жарым-жартылай бөгөп, болжол менен 1.-1,5 метр тереңдиктеги убактылуу көлмө пайда болгон. Бул көлмөдөгү суу табигый нук менен агып чыгып жатат, кескин жырып кетүү коркунучу жаралган жок.

Мындан тышкары Чоң-Ак-Суу дарыясынын Ак-Сай тилкесинде дарыянын нугу сол жээкке жылган. Учурда дарыя сол жээкти жана ага чектеш тоо капталын жууп жаткандыктан, эрозиялык процесстер уланууда.

Окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана божомолдоо департементинин адистери иш алып барууда. Алар жеринде изилдөө жүргүзүп, кыраалга мониторинг жүргүзүүдө.  

  

Сүрөттөр: ӨКМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты