Ысык-Көл облусунда жер титиреди
- 4 месяца мурун
Улуттук илимдер академиясына караштуу сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 21-июнда, саат 08:13тө Ысык-Көл облусунун аймагында MSK-64 шкаласына ылайык, очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Ак-Суу районунун Эчкили-Таш айылынан 25 чакырым түштүк чыгышка карай, Түп районунун Кең-Суу айылынан 32 чакырым түштүк чыгышка, Каракол шаарынан 103 чакырым түштүк чыгышка карай катталган. Калктуу аймактарда сезилген эмес.
Баштапкы маалымат боюнча жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү