Ысык-Көл облусунда жер титиреди
- 2 года мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-майда түнкү саат 21:50дө Ысык-Көл облусунун аймагында жер силкинди.
Очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн радиусу Ысык-Көл районунун айылдарын жана шаарын камтыган.
Ысык-Көл районунун Көк-Дөбө айылында 4 балл, Ананьево, Кароол-Дөбө айылдарында 3,5 балл, Чолпон-Ата шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү