Ысык-Көл: Кара-Ойдогу үйлөрдүн биринен 5 килограмм 190 грамм марихуана табылды
- 2 ай мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен бирге ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы даректердин биринен (Совет көчөсү, №95 үй) 5 килограмм 190 грамм “марихуана” табылып, алынды.
Учурда тергөө жана тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жаткандыгын УКМК басма сөз кызматы кабарлады.
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү