«Ысык-Көл» аэропорту жүз миңинчи жүргүнчүнү тейледи

  • 2 года мурун

“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту бүгүн, 20-ноябрда, 100 000-жүргүнчүсүн тейледи. Юбилейлик жүргүнчү 2021-жылдын 20-ноябрында “Аэрофлот” авиакомпаниясынын каттамы менен Москва шаарына учуп жаткан Жумабаева Чолпон болду.

Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Бул — тарыхый окуя , себеби  «Ысык-Көл» аэропорту алгачкы жолу 100 миң кишилик чектен ашты. Тактап айтсак, аэропорт 2021 — жылы 1000ден ашык рейсти тейлесе, бүгүн 100 000-жүргүнчүсүн тейледи. 

«Аймактардагы аэропортторубуз да өнүгүп,    100 миң кишилик чекке жеткенине  кубанып турабыз  Бул биз үчүн жакшы көрсөткүч. Биздин жүргүнчүбүздү чын дилимден куттуктайм” деп белгиледи «Манас» эл аралык аэропортунун  башкармалыгынын төрагасы  Бакыт Шаршеев.

Өз кезегинде, «Ысык-Көл»  эл аралык аэропортунун башчысы Алмаз Абдрахманов жүргүнчүнү куттуктап, ага  бренд төш белгисин жана сувенирдик продукцияны тапшырды.

«Аэрофлот»  авиакомпаниясынын өкүлү Алиса   Васильчикова Россиядан Кыргыз станга кайтып келүү үчүн сертификат тапшырды.

Белгилей кетсек, буга чейин “Ысык-Көл” аэропорту жайкы туристтик сезондо гана иштеп келсе, өткөн жылдан баштап жыл бою каттамдарды кабыл ала баштаган.

Сүрөттөр: «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты