Ысык-Атадагы жол кырсыгынан 3 киши каза болду
- 3 года мурун
Кечээ, 17-ноябрда, Бишкек-Нарын-Торугарт айланып өтмө унаа жолунун болжол менен 19-20-чакырымында. Ысык-Ата районунда “УАЗ” жүк ташуучу автоунаа менен “Тойота-Ипсум” жеңил автоунаасы кагышкан. “УАЗ” унаасынан өрт чыккан.
Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп 6 адам жабыркаган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми каза болгондор «Түндүк электр» ишканасынын кызматкерлери болгону айтылууда.
Муну бөлүшүү