Ысык-Ата районунда сарайдан чыккан өрттө жаш бала жабыркады

  • 1 год мурун

Кечээ, 20-майда, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Буденов айылында сарайдан чыккан өрттүн кесепетинен 3 жаштагы Б.Р. аттуу наристе жабыркаган. Учурда абалы туруктуу. Ошондой эле 1000 түк чөп, 1 жылкы 10 бука күйгөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзгөн, учурда материалдык чыгымдары жана себептери такталууда.

Өрттү өчүрүүгө саат 16:10до Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 1 бөлүм, кошумча саат 16:19да 1 бөлүм, жалпы эки өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Тилсиз жоо турак үйдү каптап кетүү коркунучунан өз убагында сакталып калгандыгы кабарланды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты