Ысык-Атадагы мектепте жабырлануучуну уруп-сабаган жаран кармалды

Кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган А.Л. аттуу жаран кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкрмалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

21-майда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1988-жылы туулган Г.С. арыз менен кайрылып, 21-май күнү саат 12:00 чамасында Красная-Речка айылындагы орто мектептин ичинде “Л”, “Р”, “М” аттуу аялдар коомдук тартипти одоно бузуп, аны эч себепсиз уруп-сабап, денесине залал келтиргентигин билдирген.  

Жабырлануучу Чүй облустук ооруканасына жаткырылган.

Аталган факт Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси, бейбаштык боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган А.Л. аттуу жаран аныкталып, ал кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: Чүй ОИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты