Ысык-Атада мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

  • 1 месяц мурун

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2005-жылы жогоруда аталган 140 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси мыйзамсыз түрдө Ош шаарынын экс-мэри Ч.С. (2003-жылы Ош шаарынын мэри болгон) тарабынан менчиктештирилген.

Көрүлгөн иш-чаралардын алкагында, Ысык-Ата районунун Сын-Таш а/а Советская айылы, Новая көчөсү №19а үй дарегинде жайгашкан, аянты 0,53 гектар жер колдонууга жарактуу аянты 1094 чарчы метр болгон бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды.

Аталган Бала бакча 2025-жылдын 14-мартында «Мүлктү менчикке өткөрүү жөнүндө» келишимге ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты