Ысык-Ата районундагы өрттөн улам турак үй жана эки унаа күйүп кетти
- 1 год мурун
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында бүгүн, 28-майда турак үйдөн өрт чыгып, турак үй жана эки унаа күйүп кетти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз борбору билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 07:03дө Ысык-Ата райондук №4 өрт куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм, саат 07:16да №27 өрт-куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылып, саат 08:43тө тилсиз жоо толук өчүрүлдү.
«Өрттүн кесепетинен турак үйдүн 300 чарчы метри жана короодо токтоп турган эки жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен кошуна жайгашкан турак үйлөргө жалын өткөрбөй сактап калуу чарасы көрүлдү. Жабыркагандар жок, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда» деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




