Ысык-Ата районундагы мектептин курулушуна капсула салынды

  • 11 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 13-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Боз-Бармак айылында жалпы орто билим берүү мектебинин курулушуна капсула салды.

Минкаб. башчысы белгилегендей, жыл аягына чейин республика боюнча 204 мектеп жана 49 бала бакчанын курулушун аяктоо пландаштырылууда.

“Бул мектептин бүтүрүүчүлөрү келечекте чыгаан окумуштуу, дарыгер, инженер, жазуучу болуп чыгып, өлкөбүзгө дүйнөлүк атак-даңк алып келет деп ишенем” деди Акылбек Жапаров.

Ал мектептин курулушу күзгө чейин бүтөөрүн кошумчалады.

Бул мектептин ачылышы менен 3 чакырымдан ашуун алыс жайгашкан коңшу айылда буга чейин билим алып келген мектеп жашындагы балдарды камтууга шарт түзөт.

Сүрөттөр: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты