УКМК: Ысык-Ата районунда жалпы аянты 226 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
- 3 недели мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын натыйжасында мамлекетке Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 226 гектар жер тилкелери кайтарылды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган жер тилкелери 1992–1994-жылдары муниципалдык менчиктин балансынанмыйзамсыз чыгарылып, бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү тургундар тарабынан айдалып келген.
Ошондой эле айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери айрым адамдарга айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо максатында мыйзамсыз берип келишкен. Бул үчүн мамлекетке ижара төлөмдөрү төлөбөгөндүгү аныкталган.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




