Бишкекте «Алтай» аттуу шаарча курулат

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров 20-ноябрда Бишкек шаарындагы “Алтай” шаарчасынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат берилди.  

Маалыматта айтылгандай, “Алтай” шаарчасы бул 234 гектар аянтта жайгашкан турак жай жана социалдык комплекстин ири долбоору болот.  Бул жерде 1551 беш кабаттуу турак үй курулат. Бардыгы болуп ар кандай пландаштырылган 34 004 батир каралган. Курулуштун жалпы аянты 1 миллион 7 миң чарчы метрден ашат.

Бул жерде мектептер, бала бакчалар, поликлиникалар, ооруканалар, реабилитациялык борборлор, милиция бөлүмдөрү жана өрт-куткаруу борборлору курулат. Эс алуу жана бош убакытты өткөрүү үчүн аянты 50 гектар болгон чоң сейил бак, заманбап спорттук жана балдар аянтчалары каралган.

Транспорт тармагы — дээрлик 86 чакырым ички жол, 50 чакырым тротуар, ошондой эле 34 500 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайлар болот.

Мамлекеттик келишимге ылайык, батирлердин 10%ы, башкача айтканда 3 400 даанасы мамлекетке өткөрүлүп берилет.

Сүрөттөрдө: болочоктогу шаарча. president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты