“Казарман ГЭСтер” каскадынын курулушуна мезгил кутусу салынды
- 2 месяца мурун
Садыр Жапаров 25-июнда Тогуз-Торо районунда “Казарман ГЭСтер” каскадын курууга мезгил кутусун салуу аземине катышты.
Президент “Казарман ГЭСтер” каскады Кыргызстандын көз карандысыздык тарыхындагы эң ири энергетикалык долбоорлордун бири болуп каларын айтты. “Ала-Бука”, “Кара-Булуң-1”, “Кара-Булуң-2” аттуу үч гидроэлектр станцияны камтыган бул долбоордун жалпы кубаттуулугу – 912 мегаватт. Бул ГЭСтер каскадынын жылдык электр кубатын өндүрүүнүн орточо көлөмү 3,75 млрд киловатт сааттан ашат. Инвестициянын көлөмү 3 млрд АКШ долларына жакын каражатты түзөт. Долбоор “Орта Азия Инвестмент Холдинг” ачык акционердик коому менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашырылат.
Ал ошондой эле долбоорун ишке ашырууга инвестор катары катышкан Түркия өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
2020-жылы биз бийликке келгенде, кыш мезгилинде өлкө болжол менен 3 млрд кВт саат электр энергиясын импорттоп турган. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 4 млрд кВт саатка чейин өстү. Жаңы гидроэлектр станциялардын курулушуна, ошондой эле күн жана шамал электр станцияларынын ишке киргизилишине карабастан, электр энергиясына болгон суроо-талап жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү темпинен ашып кетүүдө.
Президент белгилегендей, “Казарман ГЭСтер” каскадынын курулушун 2031-жылга чейин бүткөрүү пландалууда.
Сүрөт: president.kg




