Баетов айылында маданий борбордун курулушуна капсула салынды

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 23-октябрда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапары учурунда Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы коомдук маданий борборунун курулушуна капсула салды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, маданий борборду куруу иштери «Барс курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан башталып, имараттын жерпайы казылган.

Долбоордун курулушу президенттин турукташтыруу фонду тарабынан каржыланат.    Жалпы сметалык баасы болжол менен — 150 млн сом.

Маданият борборунун жалпы аянты 0,40 га, 3-кабаттуу болот, жер төлөсү да каралган. Комплексте кинотеатр, китепкана, музей, иш бөлмөлөр, конок күтүү залдары, маданият өкүлдөрү үчүн заманбап  шарттар камсыздалган.

Маданий борбордун курулушун 2026-жылы бүткөрүү пландалууда.

Баетов айылында маданий борбордун курулушуна капсула салынды
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты