Караколдо таштанды калдыктарын иштеп чыгаруучу завод курулушуна капсула салынды
- 2 месяца мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Каракол шаарынын таштанды калдыктарын технологиялык жол менен жок кылуучу заводдун курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты.
Касымалиев экологиялык абалды жакшыртуу жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу максатында таштандыларды технологиялык ыкма менен кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи. Бул багытта Кытай “Хунань Цзюньсинь Хуаньбао” компаниясы Кыргызстандагы өнөктөштөр менен бирге үч ири долбоорду — Бишкек, Ош жана Ысык-Көл долбоорлорун ишке ашырууда.
“Таштандыны технологиялык ыкмада кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун курулушу биздеги экологиялык абалды кыйла жакшыртат” деди ал.
Ысык-Көл облусундагы долбоор боюнча баштапкы этапта Ак-Суу району жана Балыкчы шаарында күнүнө 600 тонна таштанды иштете турган технологиялык электр станциялар курулат.
Бул этаптагы долбоордун жалпы инвестиция көлөмү болжол менен жалпы 140 миллион долларды түзөт.


Сүрөттөр: gov.kg




