Ысык-Ата районунда тоют заводу ачылды

  • 10 месяцев мурун

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 22-июнда “Аталык Жем” тоют заводу ачылды. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы ишкананын ачылышы менен куттуктап, ар бир мамлекеттин экономикалык негизи бизнес экенин белгиледи.

“Саатына 20 тонна өндүрүштүк кубаттуулугу бар бул завод жергиликтүү дыйкандардан 1 млрд сомго 60 миң тоннадан ашуун дан сатып алууга жана 50дөн ашуун жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Инвестициялардын жалпы көлөмү 430 млн сомду түзүп, 150 млн сому “Айыл Банк” аркылуу берилген” деди Акылбек Жапаров.

Заводдун негизги иш алып барган багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:- дыйканчылык, үрөнчүлүк, мал чарбачылык, жумуртка өндүрүү, тоют, жем өндүрүү.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты